super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "2027-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышпайм" 

 
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы президенттик шайлоого катышпайт. Анын билдирүүсүн тарапташы Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Ташиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоору айтылат.
"Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин.
Мен мамлекетиме кызмат кылып келе жатканыма сыймыктанам. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам. Менин атымды пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып, ушак-айың, гыйбат аркылуу элди адаштырууга аракет кылгандарга, бузукуларга ишенбеңиздер. Андай адамдардын максаты коомго бүлүк салуу, элдин ынтымагын бузуу!
Биз ар кандай кырдаалда да достукка, берилгендикке жана мамлекетке болгон жоопкерчиликке бекем турушубуз керек. Достуктун ыйык шартын кандай кырдаал болсо дагы сактоо менен биз келечек муунга үлгү болобуз!",- деп жазылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: