super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Франциянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

 

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов бүгүн, 16-июлда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө медициналык кадрларды даярдоо, алдыңкы кесиптик тажрыйба алмашуу, заманбап медициналык технологияларды жайылтуу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы институттук кызматташууну өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Өз кезегинде элчи француз тарап Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастап, өз ара кызыкчылык жараткан демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Франциянын медициналык мекемелеринде окуусун ийгиликтүү аяктаган Улуттук госпиталдын төрт адисине сертификаттар тапшырылды. Сертификаттар оториноларингология, неврология, эндокринология жана офтальмология адистиктери боюнча дарыгерлерге ыйгарылды.

Ошондой эле тараптар Париждин университеттик ооруканалары менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анын алкагында медицина кызматкерлери үчүн стажировкаларды уюштурууну жана биргелешкен билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнү караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду даярдоо каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: