Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 27 миллиард долларга жетти
Бүгүн, 16-июлда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосунда практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкенин белгилешти. Маселен, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 миллиард долларга жеткени, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча тарыхый долбоорду ишке ашырылганы, "Бедел" көзөмөл өткөрүү пункту ачылып, "Бедел – Барскоон" автожолунун курулушу сыяктуу көптөгөн иштер аткарылып жатканы айтылды.
Ошондой эле, айыл чарбаны өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, транспорттук жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу, адистештирилген техника менен камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди колдоо сыяктуу 11 ири долбоор ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кенен каралаарын жана Кыргызстанда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдоо жана жетишүү зарылдыгын макулдашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















