Бишкек-2 бекетинде текшерүү күчөйт: поездге отуруунун жаңы эрежелери сунушталды
Бүгүн, 16-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү текшерүүнүн жаңы эрежелеринин долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ транспорттук коопсуздукту күчөтүп, кооптуу буюмдарды бекетке алып кирүүнүн алдын алууга багытталган.
Долбоорго ылайык, жүргүнчүлөр менен алардын кол жүгү металл издегичтер, интроскоптор жана башка атайын жабдуулар аркылуу текшерилет. Зарыл учурда кызматтык иттер жана жеке тинтүү да колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле көзөмөл аймагына кирүүдө жарандар өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүшү керек болот.
Текшерүүдөн өткөндөн кийин жол жүрүү документине жана кол жүгүнө атайын белги коюлат. Андай белгиси жок жүргүнчүлөр поездге отургузулбайт.
Мындан тышкары жарылуучу, күйүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды, курал-жаракты, баңгизаттарды жана башка кооптуу буюмдарды ташууга тыюу салынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















