Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда жаңы аба каттамы ачылды
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда каттам жүргүзө турган жаңы авиакомпаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Салтанатта сөз сүйлөгөн депутат жаңы түз авиакаттамдардын ачылышы эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, өзгөчө ажылык жана умра сапарларын уюштурууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
“Түз каттамдардын ишке кириши жарандарыбыздын жол жүрүүсүн жеңилдетип, ыңгайлуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары бул кадам туризмдин өнүгүшүнө жана инвестициялык кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө түзүп, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы байланышты дагы да бекемдейт”, - деди Бурул Аманова.
Белгиленгендей, жаңы авиакомпаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн башталышы авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















