Баткенден Түркияга чейин: Мээримбек Таалайбек уулунун IT дүйнөсүндөгү жолу (маек)
Айылдан чыккан жаштардын арасында билимге умтулуп, дүйнөлүк деңгээлде мүмкүнчүлүк издеп, өз тармагында ийгилик жаратууга аракет кылгандар арбын. Алардын бири Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылынын тургуну Мээримбек Таалайбек уулу SUPER.KG порталындагы “Ийгиликке дем берген жаштар” рубрикасынын бул жолку каарманы болмокчу. Ал мектепти аяктагандан кийин Түркияда IT тармагында билим алып, эми ал тажрыйбасын мекениндеги жаштар менен бөлүшүүнү максат кылууда.
Анын чет өлкөдө билим алуудагы жолу, кесип тандоосу жана келечек пландары тууралуу маек курдук.
- Азыр Түркиянын кайсы жериндесиң? Билим алганда кайсы жеринде болдуң?
- 2022-жылы Түркиянын Бартын университетине тапшырып, быйыл "Компьютердик технологиялар жана маалыматтык системдер" адистиги боюнча төрт жылдык билим алуумду аяктадым. Бала кезимден эле технологияларга кызыгып чоңойдум. Ошондуктан келечегимди IT тармагы менен байланыштырууну чечтим. Университетте окуп жүргөндө программалоо, маалыматтык системдер менен бирге фото-видео тартуу, монтаж жана социалдык медиа багыттарында да өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылдым. Бул төрт жыл мага диплом гана эмес, жоопкерчиликти, өз алдынча чечим кабыл алууну жана жашоого болгон көз карашты үйрөттү.
Учурда Түркиянын Кара деңиз аймагындагы Бартын шаарындамын. Бул шаар студенттер үчүн ыңгайлуу жерлердин бири деп ойлойм. Коопсуздугу жакшы, жашоо чыгымдары чоң шаарларга салыштырмалуу кыйла жеткиликтүү. Ошондуктан билим алууга көңүл бурган жаштар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.
- Түркияда билим алуу чечимине кандай келдиңиз?
- Мектепти аяктагандан кийин чет өлкөдө билим алууну максат кылдым. Түркия тууралуу маалымат издеп жүрүп, бул өлкөдө мамлекеттик университеттерде сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга мүмкүн экенин билдим. Документтеримди даярдоодо Алишер аттуу байкем мага багыт берип, бардык процессти өз күчүбүз менен жүргүздүк. Университетке документтерди өзүбүз тапшырып, кабыл алуу жол-жоболорун бүтүрдүк. Ошол учурда бир нерсени түшүндүм: туура маалымат болсо, сөзсүз эле ортомчу компанияларга кайрылуунун зарылдыгы жок. Ошондуктан азыр мен дагы өз тажрыйбам менен бөлүшүп, жаштарга туура багыт көрсөтүүнү каалайм. Себеби көпчүлүк учурда маалыматтын жетишсиздигинен улам жаштар ашыкча каражат коротуп коюшат.
- Эмне үчүн дал ушул IT тармагын тандадыңыз?
- Бала кезимден компьютерлерге, жаңы технологияларга жана программалоого кызыкчумун. Ошондуктан келечеги кең, дүйнөдө суроо-талап жогору болгон "Компьютердик технологиялар жана маалыматтык системдер" адистигин тандадым. Бүгүнкү күндө технология бардык тармактарга кирип жатат. Ошондуктан IT адистерине болгон талап мындан ары дагы өсөт деп ишенем.
- Окууну аяктагандан кийин кандай пландарыңыз бар?
- Учурда өз кесибим боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатам. Мен үчүн эң негизгиси жөн гана жумуш табуу эмес, өзүмдү өнүктүрө турган чөйрөдө иштеп, жаңы тажрыйба топтоо. Ар кандай сунуштар болуп жатат. Бирок азырынча алган билимимди практика менен бекемдеп, кесипкөй адис болуп өсүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатам.
- Келечектеги эң чоң максатыңыз кандай?
- Менин эң чоң максатым IT тармагында мыкты адис болуп калыптануу жана алган билимимди элге пайдалуу иштерге жумшоо. Бул менин гана эмес, ата-энемдин дагы эң чоң тилеги. Алар дайыма "Билим ал, бирок алган билимиңди элге кызмат кылууга жумша" деп тарбиялап келишкен. Айрыкча айыл жерлериндеги жаштарга жардам берүүнү каалайм. Азыркы учурда көптөгөн жаштар маалыматтык технологиялар, программалоо жана заманбап кесиптер тууралуу толук маалыматка ээ эмес. Келечекте айылдарды кыдырып, жаштар менен жолугушуп, IT багыты боюнча семинарларды жана мастер-класстарды өткөрүүнү каалайм. Өз тажрыйбам менен бөлүшүп, аларга туура багыт көрсөтүү мен үчүн чоң сыймык болмок.
- Чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Жогорку билим алуу үчүн сөзсүз эле чет өлкөгө чыгуу керек деген түшүнүк туура эмес. Эгер Кыргызстанда өзүң каалаган сапаттуу билимди алып, тынымсыз изденсең, чоң ийгиликтерге жетүүгө болот. Чет өлкөдө окуу бул мүмкүнчүлүктөрдүн бири гана. Эң негизгиси адам кайсы жерде билим албасын, алган билимин өз элине жана мамлекетине пайда алып келүүгө жумшашы керек. Менин максатым жаштарды сөзсүз Түркияга алып келүү эмес. Негизги максатым аларга туура маалымат берип, өзүнө ылайыктуу жолду тандоого жардам берүү. Учурда чет өлкөгө билим алууга чакырган жеке компаниялар да көбөйүп кетти. Алданбагыла демекчимин. Ата-энелерин кыйнап келип алышып, кошумча каражат жумшап жаткандарды да көрүп жатабыз.
- Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Максаттарыңыз орундалсын.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео





















