super.kg logo

Кескелдириктер рактын алдын алууда жардам бериши мүмкүн

 

Бүгүн, 17-июлда чет өлкөлүк маалымат каражаттары окумуштуулар кескелдириктердин бир түрү болгон геккондорду изилдеп, рак оорусуна байланыштуу генетикалык өзгөрүүлөрдү аныкташканын жазышты.

Изилдөөдө ачык сары түстөгү Lemon Frost морфасындагы леопард эублефарларынын болжол менен 80 пайызы агрессивдүү шишиктерге чалдыгары аныкталган. Генетикалык анализ алардын организминдеги өзгөрүүлөр адамдагы рак ооруларынын өнүгүү механизмдерине окшош экенин көрсөткөн.

Окумуштуулардын айтымында, бул кескелдириктер рак оорусунун пайда болушун жана жайылышын изилдөө үчүн маанилүү биологиялык модель болуп бере алат. Мындай изилдөөлөр келечекте ооруну эрте аныктоо жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга жардам бериши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: