Путин кыргызстандык Зухра Шадикованы "Достук" ордени менен сыйлады (видео)
Кечээ, 4-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде кыргызстандык коомдук ишмер "Ата-Журт" эл аралык карачайлар ассоциациясынын жетекчиси Зухра Шадиковага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, ал чет өлкөлөрдө орус маданиятын сактоого жана жайылтууга, ошондой эле улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Зухра Шадикова Орусиянын президентин Кыргызстанга конокко чакырып, сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Путин кыргызстандык жаранга достук орденин тапшырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















