super.kg logo
  Саясат  

Президент чет элдиктерге жер сатылбай турганын билдирди

 

Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү бүгүн эле пайда болгон жаңы норма эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек бергенде билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, бул механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат.

"Муну ар бирибиз эле жакшы билебиз. Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан.

Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат.

Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт.

Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат.

Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт.

Дагы кайталайм, мурда эле колдонулуп келген инвестициялык механизм.

Азыр болгону мамлекет аны дагы да тартипке салып, жоопкерчиликти күчөтүп жатат.

Жерди алып коюп, эч нерсе курбай убакыт созуп жүрө беришпесин деген саясат.

Тилекке каршы, айрым саясатчылар ушул теманы бурмалап, коомдо негизсиз кооптонуу жаратууга аракет кылып жатышат. Алар чет элдик жаранга катталган менчик 1 сотых жерди көрсөтсүнчү! Андай жок", - деди президент.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартибин өркүндөтүүгө багытталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документте 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: