Чүйдө 25 курулуш объектиси текшерилип, айып пул салынды
Курулуш министрлиги кабарлагандай, Чүйдө 25 курулуш объектиси текшерилип, 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды.
Анда уруксат берүүчү жана долбоордук документтер, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы, өндүрүш объекттерин эксплуатациялоодо курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышы текшерилди.
Жыйынтыгында шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын талаптарын бузган “Арал-Боом”, “Мостострой отряд” мамлекеттик ишканасына, “Авира Групп”, “Бишкек Инвест” жана “Бишкек Дистрибьюшн” ЖЧКларына карата жалпы суммасы 1 000 000 сомдон ашык айып пул салынды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилди.
Чүйдө 25 курулуш объектиси текшерилип, 1 млн сомдон ашык айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















