Иран АКШнын аскердик учактарына сокку урду
Кечээ, 20-июлга караган түнү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Иорданиянын Акаба шаарындагы аэропортто жайгашкан АКШнын аскердик учактарына баллистикалык ракеталар менен сокку урганын билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Cокку АКШнын C-17 жана P-8 үлгүсүндөгү учактарына багытталган. Азырынча АКШ же Иордания бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек. Соккунун кесепеттери жана мүмкүн болгон чыгымдар тууралуу да азырынча маалымат жок.
Бул окуя АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу кайра күчөгөн учурга туш келди. 8-июлдан тарта эки тарап бири-биринин объекттерине сокку урууну кайра жандандырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















