super.kg logo
  Саясат  

ТИМ Орусияда жардырылган кампада жабыркагандар боюнча маалымат берди 

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы кампадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактоону улантууда.

Бүгүн, 20-июлга карата Кыргызстандын эки жараны ар кандай деңгээлдеги жаракат алганы белгилүү болду. Учурда алар Электросталь шаарындагы ооруканада дарыланып, абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. Ал эми каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар же жоктугу тактала элек.

Ошондой эле өрттөн кийин документтерин жоготкон эки жаранга мекенине кайтып келүү үчүн убактылуу күбөлүк берилди.

Эскерте кетсек, аталган эки аймакта Wildberries компаниясына таандык кампаларга дрон түшүп, өрт каптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: