super.kg logo
  Саясат  

Кочкор-Атада 25 миллион долларлык мунай иштетүүчү завод курулат

 

Кочкор-Ата шаарында 25 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициянын эсебинен мунайды кайра иштетүүчү заманбап завод курулат.

Экономика министрлиги билдиргендей, тиешелүү инвестициялык келишимге Министрлер кабинети менен "Борбордук Азия энергетикасы" ЖЧКсы кол койду.

"Жаңы завод жылына 450 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкталып, 300дөн кем эмес жаңы жумуш ордун түзөт. Анын кызматкерлеринин 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болот. Ишканада К-5 жана К-6 экологиялык классындагы бензин, дизелдик отун, битум жана мотор майлары өндүрүлөт. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин ишке берүү пландалууда",- деп белгиленди маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: