super.kg logo
  Саясат  

"Бул маселеге чекит коёлу". Президент жер маселеси боюнча түшүндүрмө берди

 

Президент Садыр Жапаров жер маселеси боюнча коомчулуктагы талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, чек араларды тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт. Инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт.

Мамлекет башчысы бул жерлер завод-фабрикаларды, логистикалык борборлорду, энергетикалык жана туристтик объектилерди куруу үчүн берилип жатканын белгиледи. Айрым учурларда жерлерди 49 жылга ижарага алып, бирок көп жылдар бою эч нерсе курбай, башка багытта пайдаланган фактылар аныкталганын айтты.

"Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү. Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот. Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт. Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек. Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек",- деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы айылдарда жер тамдары салууга жер бербей жатат деген маселе боюнча токтолду.
"Айылдарда жер там салуу үчүн жер тилкелери жокко эсе. Мисалы, 500 түтүн жашаган айылда эле 200 үй-бүлө (жаштар) жер алуу үчүн кезекте турушат. Ошондуктан мамлекеттик саясатты туурасына карай эмес, бийигине карай өстүрүүгө бурулууда. Айылдарга 3-5 көп кабат үйлөрдү кура баштадык. Жакын арада жеке өзүм барып айылдарда да көп кабат үйлөрдө жашаса болорун далилдеп, толук маалымат берем",- деп кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: