Жапаров: "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу өлкөнүн келечеги үчүн стратегиялык долбоор"
Президент Садыр Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланарын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 21-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Президенттин айтымында, аталган темир жол Кытай менен дүйнөнү байланыштырган маанилүү транспорттук каттам болуп, Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу бүтсө, биз туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Кытай менен дүйнөнүн ортосун биз бириктиребиз. Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып, толук көз карандысыз өлкө болобуз. Экинчиден, транзиттен бүгүнкү "Кумтөрдөн" түшкөн кирешедей эле туруктуу киреше алабыз. Бул экинчи "Кумтөр" болот десек жаңылышпайбыз", – деди ал.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын темир жолу да, автоунаа жолдору да туюк экенин белгилеп, экспорт менен импорт жаатында өлкө башка мамлекеттерге көз каранды болуп келгенин айтты.
Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда чет өлкөлүк адистердин тажрыйбасы зарыл экенин белгиледи.
"Эгер өзүбүздүн адистерди даярдайбыз деп күтүп отурсак, ага ондогон жылдар кетет. Убакытты текке кетирбей, бул жолду азыр баштадык. Болбосо коңшу өлкөлөрдөн дагы артта калмакпыз", – деди президент.
Садыр Жапаров темир жолдун курулушунун ишке ашпай калышына кызыкдар болгон күчтөр бар экенин айтып, алардын арасында ички терс күчтөр да кездешерин белгиледи.
Анын айтымында, мамлекеттин келечеги үчүн мындай тоскоолдуктарды жеңүү зарыл. Президент темир жол долбоору токтоп калса, Кыргызстан мурдагыдай эле көз каранды мамлекет бойдон калып, өлкөнүн келечегине терс таасирин тийгизерин белгиледи. Ошондой эле жарандарды өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болбоого чакырды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















