super.kg logo
  Саясат  

Жапаров: "Кыргызстан энергетикалык тартыштыктан чыгуу үчүн 50дөн ашык ГЭС куруп жатат"

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы энергетика тармагындагы абал жана аны өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 21-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, эгемендик алган жылдан бери өлкөдө ири гидроэлектр станцияларынан "Камбар-Ата-2" ГЭСинин бир гана агрегаты ишке берилген.

"Эгемендик алгандан бери "Камбар-Ата-2" ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизиптирбиз. Ал эми жетишпеген электр энергиясын өзүбүз суу менен камсыздап турган коңшу өлкөлөрдөн сатып алып келе жатабыз. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөгө айланып калганыбыз өкүнүчтүү",- деди мамлекет башчы.

Анын айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Учурда дагы 50гө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.

Ошол эле учурда президент электр энергиясына болгон суроо-талап улам өсүп жатканын белгиледи.

"Завод-фабрикалар, социалдык объекттер, турак жайлар курулуп жатат. Ошондуктан энергияга болгон муктаждык күн сайын өсүүдө. Азырынча тартыштыкты толук жоё элекпиз, бирок аны жоюу боюнча так планыбыз бар жана ошол багытта иштеп жатабыз",- деди ал.

Мындан тышкары, өлкө башчысы энергетика тармагындагы абал боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүү максатында бүгүнтөн тартып энергетика министри күн сайын маалымат берип турарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: