Президент бир нече темада кенен кеп кылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине жерлердин ижарага берилиши, туризм, электр тармагы, карыз тууралуу кенен маек берди.
Президент 49 жылга берилип жаткан жерлерге завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык жана туристтик объекттер салынарын айтты. Мамлекет башчы инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1 пайызынан ашпай турганын белгиледи.
"Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү",- деди.
Жапаров буга чейин өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга карата кыйла жогору болгон болсо, учурда тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөрүн билдирди.
"Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт",- дейт президент.
Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулушу өлкөнү туюктуктан алып чыгат деген ишенимде. Жапаровдун айтымында, бирок буга каршы болгон күчтөр бар.
Ошондой эле өлкө башчы туризм мамлекеттин өнүгүшүнө чоң өбөлгө экенин белилеп, Кыргызстанга келген бүгүнкү туристтердин саны 13 миллионго жеткенин айтты.
"Ар бир турист ички дүң продукцияга салым кошот. Демек, ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна өз салымын кошуп жатат. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар",- дейт ажо.
Мамлекет башчынын акыркы кеби энергетика тармагы болду. Айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектрстанциясы пайдаланууга берилди. Учурда дагы 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















