Министрлер кабинетинде Кочкор-Атадагы мунай заводунун курулушу талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Борбор Азия энергетикасы" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кочкор-Ата шаарында курула турган мунайды кайра иштетүүчү заводдун долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады.
Президенттин администрациясы билдиргендей, долбоордун алкагында К-5 жана К-6 экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизель, битум жана мотор майын өндүрүүчү завод курулат. Ишкананын кубаттуулугу жылына 450 миң тоннаны түзүп, 300гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жыйында технологиялык жабдууларды импорттоо, экологиялык стандарттарды бекитүү жана курулуш иштеринин сапаты менен мөөнөтү талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















