Кыргыз-Тажик алакасы: Баткен менен Согдинин жетекчилери чек арадагы кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 21-июлда пезиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоб Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушуу Тажикстандын Гулистон шаарында өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чек аралаш жайгашкан район жана шаарлардын башчылары катышты.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин колдоп, жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди өз ара түшүнүшүү жана ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан сырткары Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы маданий-гуманитардык, жаштар, спорт жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар соода-экономикалык алакалар туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь-май айларында Баткен облусу менен Тажикстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 700 миң АКШ долларынан ашкан.
Жолугушууда ошондой эле «Кызыл-Бел – автожол» өткөрмө бекетинде «Кыргыз Агрохолдинг» долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды. Белгиленгендей, бул долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында тараптар Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багытталган кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экенин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















