Кыргызстан менен Кытайдын күйүүчү май боюнча келишими ишке аша баштады (видео)
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келе жатканы тууралуу маалымат тарады. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо күйүүчү май ташыган унаалар көрсөтүлүп, айрым жарандар муну өлкөнүн көп багыттуу саясатынын маанилүүлүгү менен байланыштырышууда.
Буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытай тарап менен күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген. Азырынча анын көлөмү айтыла элек.
Учурда Бишкектеги айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, АИ-95 бензининин баасы 100 сомдон ашса, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 80 сомдон жогору сатылууда. Автоунаалар үчүн газдын баасы да ушул чектерге жакындады.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинети 8-июлдан тарта Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы мамлекеттик жөнгө салууга кирбей турганын билдирген. Күйүүчү май рыногундагы абал импорттук жеткирүүлөргө, дүйнөлүк бааларга жана өлкөдөгү ички суроо-талапка байланыштуу өзгөрүп турат.
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келе жатат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















