Данияр Амангелдиев күйүүчү май боюнча билдирүү таратты
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан күйүүчү май менен камсыздоо үчүн дүйнөнүн кайсы жеринде мүмкүнчүлүк болсо, ошол жактан сатып аларын билдирди. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, негизги максат ички рынокту үзгүлтүксүз күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу.
"Эгер дүйнөнүн кайсы бир жеринен күйүүчү май сатып алууга мүмкүнчүлүк болсо, баасына карабай аны сөзсүз сатып алабыз. Ички рынок күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалат. Кырдаал орчундай баштаганда 2-3 апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт", - деди Амангелдиев.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт күйүүчү майдын жетиштүү көлөмүн камсыздоо боюнча бир катар өлкөлөр менен жеткирүү багыттарын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген. Беларустан жана Кытайдан күйүүчү майлардын алгачкы партиялары келе жатканы да кошумчаланган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















