super.kg logo

Жогорку Кеңеште күрд диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

 

22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова жана Гүлжан Сатиева Кыргызстандагы күрд диаспорасынын төрагасы Рамазан Сеидов жана өлкөгө мейман катары келген Исмаил Камиль менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекмеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда этностор аралык ынтымакты чыңдоо, маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү жана коомдук демилгелерди биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Депутаттар Кыргызстанда 90дон ашуун улуттун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдар менен диаспоралардын кызматташтыгын бекемдөөгө жана бул багыттагы демилгелерди колдоого даяр экенин билдиришти.

Ал эми Рамазан Сеидов күрд диаспорасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын өлкөнүн коомдук, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы жөнүндө айтып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: