super.kg logo

Германияда көчөдө калды делген студенттер боюнча жумушка жиберген компания билдирүү таратты

 

Германиядагы мезгилдик жумушка барган кыргызстандык студенттердин айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу жиберген жеке компания расмий маалыматты бөлүшүп, абалды түшүндүрдү.

Компаниянын кызматкери ал жакта 150-200 студент эмес, болгону 80 экенин билдирди. Ошондой эле ар бири менен байланыш түзүлүп, кырдаалды мүмкүн болушунча оң чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканы айтылат.

"Германиядагы иш берүүчү мезгилдик жумушу азайганына байланыштуу студенттерди бошотуу чечимин кабыл алганын 20-июлда билдим. 24-июлда ишкерлер менен видеоконференция аркылуу байланыш болот. Ошондо кимдер калары белгилүү болот. Ишин улантууну каалаган студенттер үчүн жаңы жумуш орундарын издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ылайыктуу жумушту өз алдынча тапкан студенттерге да керектүү документтерди кайра тариздөөдө жекече жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын турак жайсыз калуусуна жол бербөө максатында компания белгилүү бир мөөнөткө жашоо чыгымдарын өз мойнуна алат",- деп билдирди компаниянын өкүлү.

Ошондой эле мекеме жоопкерчиликтен баш тартпай турганын белгилеп, ар бир учур боюнча өзүнчө иш алып барып жатканын билдирди. Компания жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде Германияга үч айлык жайкы каникул учурунда иштегени барган 150гө жакын кыргызстандык жаштар жумушсуз жана жатаканасыз калуу коркунучуна кабылганы тууралуу видео тараган.






Германияда көчөдө калды делген студенттер боюнча жиберген компания билдирүү таратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: