Элчи Өмүрбек Текебаев Германияда көчөдө калды делген студенттер боюнча билдирди
Германиядагы мезгилдик жумушка барган кыргызстандык студенттердин айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Өмүрбек Текебаев үн катты.Элчи учурда студенттер жайгашкан Бремен шаарына жол тартканын билдирип, 4,5 сааттан кийин жетерин кошумчалады.
"Жайкы жумушка келишкен студенттердин эмгек жана жашоо шарттарына байланыштуу көйгөй жаралганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараптыр. Германия менен Кыргызстандын ортосунда төрт сааттык убакыт айырмасы бар. Ошондуктан бул тууралуу азыр гана кабардар болуп, дароо эле студенттер менен телефондон байланыштым. Азыр Бремен шаарын көздөй жолго чыктым. Буюрса, 4,5 сааттан кийин жетип барабыз. Маселе менен жеринен таанышып, аны мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылабыз",- деди элчи.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде Германияга үч айлык жайкы каникул учурунда иштегени барган 150гө жакын кыргызстандык жаштар жумушсуз жана жатаканасыз калуу коркунучуна кабылганы тууралуу видео тараган. Ага байланыштуу студенттерди жиберген жеке компания билдирүү жасап, 150 эмес, 80 студент экенин билдирди. Ошондой эле бардык жагдайлар боюнча иш алып барып жатышканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















