Бишкекте бак-дарактарга зыян келтирген курулуш компаниясына чара көрүлдү
Бишкек шаарында бак-дарактарга зыян келтирүү фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы видео кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарындагы К. Тыныстанов көчөсү, 215 дарегинде жайгашкан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин административдик имаратында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан «Премиум Строй Групп» ЖЧКсы мыйзам бузганы аныкталган.
Текшерүүдө курулуш аянтын тосуу учурунда бак-дарактардын сөңгөгүнө жыгач тактайлар мык менен бекитилгени белгилүү болгон.
Жыйынтыгында бак-дарактарга бекитилген тактайлар менен коргоочу торлор дароо толугу менен алынып салынды.
Ошондой эле курулуш компаниясына мыйзам бузуу боюнча тиешелүү акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу жана мындан ары курулуш иштерин экологиялык жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоо менен жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















