Бишкекте түнкү рейд: Баңгизат колдонуп унаа башкарган 5 айдоочу аныкталды
22-июлдан 23-июлга караган түнү Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана баңгизаттык мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо максатында биргелешкен профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек жана Чүй облустарынын тиешелүү бөлүмдөрү, Атайын тез чара көрүү отряды, Милициянын кайгуул кызматы жана кинология кызматынын кызматкерлери катышты. Борбор калаанын негизги көчөлөрүндө, ошондой эле шаарга кирүүчү жана чыгуучу жолдордо сегиз стационардык жана көчмө пост уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө жалпы 517 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында:
* баңгизаттык мас абалынын белгилери бар 5 айдоочу аныкталды;
* 6 айдоочу медициналык кароого жөнөтүлдү;
* алардын ичинен 5 айдоочунун баңгизат колдонгону медициналык текшерүү менен тастыкталды;
* 22 административдик протокол түзүлдү;
* 7 унаа айып короого токтотулду.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мас абалында унаа башкаруунун жоопкерчилиги жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси тууралуу эскертишти.
ИИМ мындай профилактикалык рейддер жол кырсыктарын алдын алуу жана бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөрүн билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















