Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда
Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун көзөмөлдөө боюнча биргелешкен рейддик иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддерге шаардык администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин шаардык башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлүп, миграциялык мыйзамдарды так сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын аткаруу зарылдыгы белгиленүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, мындай рейддер миграциялык мыйзам бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана борбор калаада жашап же жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















