Сабалып каза болду делген Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери катышкан окуянын видеосу тарады
УКМКнын 9-бөлүмүндө иштеген инисин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 7 бала ур-токмокко алып, ал каза болуп калгандыгын муркумдун бир тууган агасы айтып чыкты. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, окуяны тыкыр иликтөөгө көмөк көрсөтүүгө жардам сурады.
Анын айтымында, каргашалуу окуя 11нен 12-июнга караган түнү болуп, 29-июнда иниси каза болуп калды.
"Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Анын жыйынтыгы бурмаланбай чыгарылышын талап кылып, өзүңүз (ред.: Садыр Жапаров) көзөмөлгө алып беришиңизди өтүнөбүз",- деп билдирди маркумдун агасы.
ИИМ аталган факт боюнча териштирүү иштери дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди.
Маалымат үчүн: Учурда УКМКнын 9-бөлүмү деген кызмат Мамлекеттик күзөт кызматы болуп, мекеме түз президенттин карамагына өткөн.
Сабалып каза болду делген УКМК кызматкеринин окуясынын видеосу тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















