Бишкекте дарактарга мык каккан компанияга чара көрүлдү
Бишкекте "Премиум Строй Групп" компаниясы тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу 24-июлда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган компания Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин административдик имаратында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда мыйзамсыз ишке барган. Тагыраагы, аймакты коргоочу тосмо орнотууда бак-дарактарга жыгач тактайларды мык менен бекиткен.
Натыйжада, дароо чара көрүлүп бак-дарактарга бекитилген тактайлар жана коргоочу торлор толугу менен алынган. Ошондой эле, курулуш компаниясына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу жана мындан ары курулуш иштерин экологиялык жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоо менен жүргүзүү боюнча көрсөтмө берилген.
Бишкекте бактарга мык каккан компанияга чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















