super.kg logo

“Манас” аэропортундагы оңдоп-түзөөлөр боюнча маалымат берилди (видео)

 

“Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу жаңы жолдун бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы маалымдады.

Маалым болгондой, учурда негизги жол оңдолуп жаткандыктан, унаалар аэропортко жана шаарды көздөй убактылуу Васильевка тракты аркылуу эки тараптуу каттап жатат.

Мындан тышкары, жаңы ачык унаа токтотуучу жайлар, кызматтык унаалар, таксилер жана автобустар үчүн өзүнчө токтоочу аймактар ачылды.

"Жакынкы аралыкта беш кабаттуу жабык унаа токтотуучу жай ишке берилип, ал терминал менен жабык өтмөк аркылуу туташтырылат. Бул өзгөрүүлөр аэропорттогу транспорттук кыймылды жеңилдетип, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт",- деп белгиленди маалыматта.






“Манас” аэропортунда жаңы кирүү жолунун бир бөлүгү жана жаңы унаа токтотуучу жайлар ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: