super.kg logo

Үркүндүн 110 жылдыгына карата эскерүү жүрүшү өтөт

 

25-31-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Тосор айылынан Сөөк ашуусуна чейин Үркүндүн 110 жылдыгына арналган эскерүү жүрүшү уюштурулат. Бул тууралуу "Эсимде" изилдөө аянтчасы жана "Тосор коому" жергиликтүү уюму билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты - 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын курмандыктарын эскерүү, тарыхый эстутумду сактоо жана аны кийинки муундарга жеткирүү.

Эскерүү жүрүшү быйыл 6-жолу өткөрүлөт. Катышуучулар 1916-жылы качкындар басып өткөн тарыхый маршруттардын бири менен жөө басып өтүшөт. Быйылкы маршруттун узундугу болжол менен 100 чакырымды түзүп, ага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жана коңшу өлкөлөрдөн келген 50гө жакын адам катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле 25-июлда Тосор айылында Үркүндүн курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чара өтүп, ага бардык каалоочулар катыша алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: