Жаңы конуш кут болсун! Таласта МИКтин 319 батири ээлерине тапшырылды (видео)
Бүгүн, 24-июлда Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган 319 батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ачкычтарды тапшыруу аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышкан. Өкмөт башчы турак жай курулушу мындан ары ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып, аймактардын комплекстүү өнүгүүсүнө гана эмес, тең салмактуу ички урбанизацияга да өбөлгө түзөрүн билдирди.
Жалпы 11 блоктон турган “Тынчтык Ордо” турак жай комплекси 4 жана 8 пайыздык жеңилдетилген шарттар менен облус тургундарына берилүүдө.
Таласта мамлекеттик ипотека аркылуу курулган 319 батир ээлерине тапшырылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















