super.kg logo

Агартуу министрлиги коррупцияга каршы жаңы стилдеги ролик жарыялады (видео)

 

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алууга багытталган жаңы анимациялык ролик жарыялады. Бул тууралуу министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

Роликте "Чынчылдык – сенин күчүң, адилеттүүлүк – сенин укугуң" деген ураан колдонулуп, коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер болбоого чакырык жасалган.

Анимациялык формат жаштарга, окуучуларга жана жалпы коомчулукка маалыматты жеткиликтүү жеткирүү максатында тандалган. Кыска видеолор аркылуу коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуу көздөлгөн.

Ошондой эле роликте мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген сөзү колдонулган. Бул сөз аркылуу тазалык, жоопкерчилик жана коомдун өнүгүүсүнө ар бир адамдын салымы маанилүү экени белгиленет.

Министрлик билим берүү тармагында коррупциялык көрүнүштөргө күбө болгон жарандарды унчукпай калбоого чакырды. Мындай учурлар тууралуу "Э-Күндөлүк" тиркемесиндеги "Коркпо! Билдир!" анонимдүү функциясы аркылуу билдирүүгө болорун жана маалыматтар купуя сакталарын айтты.






Агартуу министрлиги коррупцияга каршы жаңы стилдеги ролик жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: