super.kg logo

Жээнбек Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри менен жолугушту

 

24-июлда Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын оң динамикасын белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, банктык-финансылык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аймактык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, жолугушууда ШКУнун алкагындагы кызматташтык, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле жогорку деңгээлдеги алдыдагы жолугушуулар талкууланды.

Жыйынтыгында эки тарап кыргыз-пакистан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: