super.kg logo

Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга келди

 

Кечээ, 26-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда (Тамчы) Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышуу үчүн Кыргызстанга келген чыгармачыл делегацияны Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Делегацияны Өзбекстандын маданият министри, Өзбекстандын Эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди. Курамында 200гө жакын маданият жана искусство өкүлү бар делегацияга белгилүү ырчылар, музыканттар, бий жамааттары, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү кирген.

Өзбекстандын маданият күндөрү 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп, анын алкагында Ысык-Көлдүн тургундарына жана конокторуна өзбек элинин тарыхый-маданий мурасын жана заманбап искусствосун чагылдырган маданий программа тартууланат.

Иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын жана эки элдин достугун мындан ары бекемдөөгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: