Кыргыз спектаклдери Франциядагы чоң сахнада коюлабы?
Франциянын Авиньон шаарында 13-25-июль күндөрү өтүп жаткан "Avignon Off 2026" эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарада кыргыз театр искусствосунун тарыхы, учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды. Ошондой эле кыргыз театрын эл аралык аренада таанытуу, чыгармачыл кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаш театр ишмерлерин колдоо маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, "Avignon Off" фестивалынын дирекциясынын вице-президенти Арольд Давид менен жолугушуу өтүп, Кыргызстанды келерки жылы фестивалга эки-үч спектакль менен катыштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий байланыштарды чыңдоого жана кыргыз театр искусствосун эл аралык аренада кеңири таанытууга кызыкдар экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















