super.kg logo

ШКУ форумунда маданий кызматташтык жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда

 

Бүгүн, 27-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун пленардык жыйыны өтүүдө.

Форумдун экинчи бөлүгү гуманитардык жана маданий кызматташтык маселелерине арналып, анда цивилизациялар аралык диалог, маданий алмашуу жана заманбап технологиялардын ролу талкууланууда.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралууда:

  • ШКУ алкагындагы гуманитардык кызматташтык жана маданий алмашуу;
  • «Поэтикалык Жибек жолу» аркылуу цивилизациялар аралык байланыштарды чыңдоо;
  • IT жана жасалма интеллект технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү жана алардын маданий кызматташтыкка тийгизген таасири;
  • Улуттук бренддерди эл аралык рынокко чыгарууда маданияттын ролу.

Форум Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги менен Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган. Ага ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген 250гө жакын жергиликтүү жана чет элдик өкүлдөр катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты – ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда маалыматтык, маданий жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: