Кыргызстан "Китеп искусствосу" сынагынан 9 сыйлык менен кайтты
23-24-июлда Беларустун Минск шаарында өткөн КМШнын XXIII эл аралык "Китеп искусствосу" сынагында Кыргызстан 9 сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык өлкөбүздүн сыйлыктары:
Гран-при – 1;
Атайын сыйлык – 1;
I орун – 1;
II орун – 3;
III орун – 3.
Сынакка Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын өкүлдөрү катышкан.
Кыргызстандын Мамлекеттик китеп палатасы бул ийгиликти өлкөнүн китеп чыгаруу, полиграфия жана көркөм жасалгалоо тармагындагы адистердин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы деп баалады.
Гран-принин жеңиши кыргыз китеп искусствосунун эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн маанилүү жетишкендик катары белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:26
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















