Кыргызстанда 4 ЖОЖдун 6 долбоору грантка ээ болду
Бүгүн, 27-июлда, Бишкекте Академиялык инновациялар фондунун биринчи конкурсунун жыйынтыгында тандалып алынган алты субдолбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, гранттарды 4 жогорку окуу жай - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Адам университети алды.
Конкурстун биринчи туруна Кыргызстандын 38 мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайы катышып, 196 концепция сунушталган. Алардын ичинен 59 өтүнмө экинчи этапка тандалып, көп баскычтуу конкурстук тандоонун жыйынтыгында алты субдолбоор каржылоого ээ болгон.
Долбоорлор атмосферага мониторинг жүргүзүү, жашыл энергетика, санариптик жана инженердик технологиялар, суу ресурстарын туруктуу пайдалануу, жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо, топуракты изилдөө жана текстиль тармагындагы материал таануу багыттарын камтыйт.
Гранттык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоорунун алкагында түзүлдү. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















