super.kg logo

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылдарында кандай өзгөрүүлөр болот?

 

Бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык 2026-2027-окуу жылында бир катар өзгөрүүлөр киргизилери Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан маалымдалды.

Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышынын жылдырылышына августтун аягынан сентябрдын башына чейин өлкөдө бир катар маанилүү иш-чаралардын өтүшү себеп болгон. Алардын арасында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар.

2026–2027-окуу жылында 12 жылдык билим берүү моделине өтүү улантылат. Анын алкагында 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстардын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу китептери менен билим алышат.

Кесипке багыт берүү максатында 8-класстарда жумасына 2 сааттан 14 профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет.

Мындан тышкары, өлкөнүн 500 мамлекеттик мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.

12 жылдык мектептин 1–3-класстарында окуучулардын жетишкендиктери сандык баа коюлбастан, сапаттык жана сыпаттамалык ыкмалар менен бааланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: