Өзбекстандын маданият күндөрү Чолпон-Атада салтанаттуу түрдө башталды
Бүгүн, 27-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо“ маданий-этнографиялык комплексинде Өзбекстандын маданият күндөрү расмий түрдө ачылды.
Эки күнгө созула турган маданий иш-чарага Өзбекстандан 200гө жакын чыгармачыл делегация келди. Концерттик программада Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова жана Зулайхо Бойхонова баштаган чыгармачыл инсандар өнөр көрсөтүшөт. Аларды Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштап келди.
Мындан тышкары, сахнага “Навбахор” жана “Тумор” бий ансамблдери, ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри чыгат.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жабылуу аземи 28-июлда саат 19:00дө Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Дордой Номад” аренасында өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















