super.kg logo

№64 мектептеги бетон боюнча министрлик түшүндүрмө берди

 

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №64 мектептин жаңы окуу корпусунда бетон чөгүп, курулуш сапатсыз жүрүп жатат деген маалыматтарга байланыштуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги расмий түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, видеодо көрсөтүлгөн жай мектептин 4-блогунун биринчи кабатында жайгашкан. Ал жерде учурда кыш коюу иштери жүргүзүлүп, М10 маркасындагы акиташ-кумдуу курулуш аралашмасы колдонулууда.

Аталган аралашма жерге сиңип кетпеши жана сапатын жоготпошу үчүн анын алдына убактылуу бетон стяжкасы төшөлгөн. Учурда бул бөлмө курулуш аралашмасын даярдоо жана сактоо үчүн убактылуу пайдаланылып жатат.

Мекеменин билдиришинче, кыш коюу иштери аяктагандан кийин убактылуу бетон стяжкасы алынат. Андан соң топурак тыгыздалып, ички канализация түтүктөрү орнотулат жана долбоорго ылайык негизги бетон стяжкасы куюлат.

Министрлик социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн бетон катмары курулуш процессин камсыздоо үчүн гана төшөлгөн убактылуу стяжка экенин, ал эми долбоордук бетон төшөө иштери азырынча аяктай электигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: