Ташиевдин иши: мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү кайтарылды
Ички иштер министрлиги мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү улантылып жатканын билдирди.
Тергөө маалыматына ылайык, “Кыргызнефтегаз” ААК менен “Кыргызгаз Петролеум Компани” ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
ИИМдин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушуга байланыштуу сот анын бөгөт чарасын камактан үй камагына өзгөрткөн.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды толук өндүрүү боюнча тергөө иштери уланууда.
Тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлөрү белгиленди.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиевди №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















