Бишкек мэриясы электр самокат айдагандарга камсыздандыруу тууралуу эскертти
Бишкек шаарынын мэриясы электр самокаттарын жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон жарандарга ижара кызматын пайдаланууда камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, электр самокаттарын ижарага берген компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде колдонуучулардын жарандык жоопкерчилигин жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчилигин камсыздандыра алышат.
Мэрия белгилегендей, камсыздандыруу жол кырсыгы же жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу учурунда болушу мүмкүн болгон күтүлбөгөн окуяларда кошумча каржылык коргоону камсыздайт.
Ошондой эле шаар бийлиги электр самокат айдагандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















