super.kg logo

Бир катар медреселерде мыйзам бузуулар аныкталды

 
Акыйкатчы институту диний окуу жайлардын окуучуларынын билим алууга болгон укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирди.
Мекеме былтыр ислам дини боюнча окуткан 7 облустагы 21 медресеге иликтөө жүргүзүлүп, бир катар олуттуу мыйзам бузууларды аныкталганын белгиледи. Анда көпчүлүк медреселердин документтери жоктугу, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келбестиги, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Медреселердин көпчүлүгү юридикалык документинде каттаган даректе иш алып барбайт, такыр башка даректе иш алып барат. Окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын эмес жана расмий келишимдер жок. Көпчүлүк медреселер дин боюнча гана окутуп, мамлекеттик стандарттагы билимди балдар онлайн окушат.
Институт андыктан Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар сунуштарды жөнөткөнүн тастыктады.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Акыйкатчы институтунун сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, жыйынтыгында 9 кызмат адамы тартиптик жазага тартылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2026. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диний жактан билим алган жакшы, бирок мамлекеттик стандарттагы билимди дагы эске алышса. Билимсиз молдо жашоодо кучсуз (слабый) болот. Билими бар минди жыгат демекчи биздин жаш муун билим алууга умтулса кана...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: