Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү бекитти

Президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, документ 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы укуктук жөнгө салууну жакшыртуу, мыйзамдардагы айрым жоболорду тактоо жана үй-бүлөлүк, ошондой эле маркумдарды эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүүгө багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, аталган мыйзамдан жергиликтүү курултайларга байланыштуу жоболор алып салынып, жергиликтүү курултайлардын ишин жөнгө салган 62-берене күчүн жоготот. Бул мыйзамдардагы кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу үчүн жасалды.
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына үй-бүлөлүк жана маркумдарды эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жаңы ыйгарым укуктар берилди.
Ошондой эле өзүнчө жайгашкан айыл аймактарындагы калктуу конуштарда айыл башчысынын кызматын киргизүү тартиби да такталды. Мындан ары мындай чечимди айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















