super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин тосуп алды (видео)

 

Бүгүн, 30-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Жогорку даражалуу мейманды “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Шавкат Мирзиёев учактан түшкөндөн кийин улуттук кыргыз кийимчен кыздар ага меймандостуктун жана конокко болгон сый-урматтын белгиси катары боорсок менен бал сунушту.

Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушуп, бийчилер кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты. Кыргыз жана өзбек күүлөрү аткарылып, боордош эки элдин достугун, өз ара сый-урматын жана ынак коңшулук мамилесин даңазаланды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын алкагында тараптар бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат.






Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин тосуп алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: