Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
Бүгүн, 30-июлда президент Садыр Жапаров "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам сурдлимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө, жарандардын спорт менен машыгуусун кеңейтүүгө, улуттук курама команданын спортчуларын социалдык жактан колдоого жана спорттук иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамга "Сурдлимпиада оюндары" жана "киберспорт" түшүнүктөрү киргизилди. Ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык спорт федерацияларын аккредитациялоо укугуна ээ болду.
Мындан тышкары, спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо эрежелерин Министрлер кабинети бекитет. Иш-чараны уюштуруучулар коопсуздукту камсыз кылууга мыйзам чегинде жооптуу болот.
Улуттук курама команданын курамында болгон мезгил спортчулардын дене тарбия жана спорт тармагындагы эмгек стажына эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















