Кыргызстан Түркиянын жашыл экономика багытындагы тажрыйбасын үйрөнүүдө
Кыргызстандын делегациясы Түркияга болгон окуу сапарынын алкагында жашыл экономика, климаттык каржылоо жана көмүртек чыгарындысын башкаруу боюнча тажрыйба алды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 21-23-июль күндөрү өткөн сапардын жүрүшүндө делегация Түркиянын жашыл таксономияны өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарын көзөмөлдөө жана чыгарынды квоталары менен соода жүргүзүү системасын киргизүү боюнча ыкмаларын үйрөндү.
Ошондой эле туруктуу инвестициялар, климаттык долбоорлорду каржылоо, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек рыногун өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Делегация Анкара шаарындагы Votorantim Cimentos цемент заводунда болуп, экологиялык стандарттар, энергияны үнөмдөө жана чыгарындыны азайтуу боюнча колдонулган чечимдер менен таанышты.
Түркиянын тажрыйбасы Кыргызстандын жашыл таксономиясын өнүктүрүүгө, туруктуу каржылоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















