super.kg logo

Өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуу боюнча пландын долбоору талкууланды

 

Бишкекте Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча пландын долбоору талкууланды

Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жакырчылыкты кыскартуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбестен, жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө негизделиши керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка аз.

Программанын артыкчылыктуу багыттары катары аймактарда иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана ички эмгек рыногуна кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү белгиленген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: